Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору А.Абдраева дипломат Г.Зайлер менен жолугушту

Бүгүн, 9-апрель күнү, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева Австриянын Казакстан Республикасындагы мурдагы элчиси, саясий иштер боюнча орун басары жана региондор боюнча бөлүмүнүн башчысы Герхард Зайлер менен жолугушту.

И.Арабаев атындагы КМУга болгон иш сапарынын алкагында дипломат Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун немис тили кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы менен жолугушту жана ошондой эле университетте жайгашкан Австрия китепканасында - Österreich Bibliothek болду.

Г.Зайлер тарыхый баалуу экспонаттар менен камтылган университеттин музейи менен жакындан таанышты.