И.Арабаев атындагы КМУнун ректору А.Абдраева “Казакстан кыргыздарынын ассоциациясынын” төрагасы Ш.Исмаилов менен жолугушту
И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева “Казакстан кыргыздарынын ассоциациясынын” төрагасы, Казакстан элинин ассамблеясынын Кеңешинин мүчөсү Шавкат Исмаилов менен жолугушту.
КМУ менен «Казакстан кыргыздарынын ассоциациясынын» кызматташтыгы көп жылдардан бери уланып келет. Казакстан кыргыздарынын ассоциациясынын колдоосу менен студенттерибиз жыл сайын Астанага студенттик мобилдүүлүк программасынын алкагында барып турушат.
Шавкат Исмаилов тарабынан И.Арабаев атындагы КМУ жана Чыгыштаануу жана эл аралык мамилелер факультети менен биргеликте «Чек арасыз билим берүү» биргелешкен долбоору 2023-жылдын март айында «Мугалимдердин методикалык кутучасы» эл аралык билим берүү борборунун «Вистаплиус» (Вильнюс) мугалимдеринин эл аралык сынагында 1-орунга ээ болгон.
Жолугушууга кыргыз-кытай факультетинин деканы Назгүл Ажымамбетова, Чыгыштаануу жана эл аралык мамилелер кафедрасынын окутуучусу Мария Высоцкаялар катышты.