Blog Image

И. Арабаев атындагы КМУнун ректору АРАШИ ММА дүйнө чемпиону Исламидин Матазимовду кабыл алды

Бүгүн, 31-октябрь күнү, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор Айгүл Абдраева Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун Орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Исламидин Матазимовду кабыл алды.

Белгилей кетсек, Исламидин Матазимов жакында Алматы шаарында болуп өткөн АРАШИ ММА аралаш мушташ спорт оюндары боюнча дүйнөлүк чемпионатында дүйнө чемпиону аталган.

Ал ушул жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарында өткөн АРАШИ ММА Азия чемпиону болгон ж.б. жеңиштерди багындырып келген.

Учурда, Исламидин Матазимов ARASHI MMA боюнча эл аралык спорт чебери наамына талапкерлиги көрсөтүлдү.