Blog Image

КМУнун ректору Айгүл Абдраева 5-март кыргыз элинин улуттук баш кийими - Ак калпак күнү менен куттуктады

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева:

Урматтуу кесиптештер, окуу жайдын студенттери жана кызматкерлери! Бүгүн, 5-март кыргыз элинин улуттук баш кийими - Ак калпак күнү. Бул күн, куттуу элибиздин руханий жактан өнүгүшүнө, баалуулуктарыбыз баштаган бай маданий мурастарыбызды жайылтууга салым кошом деген жарандардын, мамлекетибиздин келечегине кайдыгер карабаган мекендештерибиздин башын кошо турган өзгөчө күн. Ата-бабаларыбыздын бизге, урпактарга калтырган материалдык эмес маданий табериги, улуттук маданиятыбыздын маанилүү бөлүгү, улуттук аң-сезимдин негизи. Улуттук кийим – бул жөн эле кийим эмес, ал элдин тарыхы, маданияты, каада-салты жана жашоо-турмушу. Ак калпак улуттубуздун өзгөчөлүгүнүн таасын көрсөткүчү десек жаңылбайбыз.

Ак калпак ар дайым сыймыгыбыз болсун. Майрамыңыздар менен!