Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева Цукуба университетинин өкүлдөрүн кабыл алды

19-февраль күнү И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева Цукуба университетинин эл аралык бөлүмүнүн администратору Юджи Каджияма жана илимий кызматкери ЮкакоТокуданы кабыл алды. Жолугушууга университеттин Японтаануу институтунун директору Айбек Самаров катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө, Цукубу университети менен КМУнун ортосундагы кызматташтыкты узактуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Андан сырткары, Цукуба университетинин өкүлдөрү  Орто Азия боюнча кызматташуунун жаңы программасы тууралуу маалымат беришти. Бул программанын негизги максаты Орто Азиядагы 4 мамлекет менен кызматташтыкты күчөтүп, 4 жыл ичинде студенттердин санын көбөйтүү болуп саналат.