Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева Эл аралык Дебанг билим берүү компаниясынын негиздөөчүсү Тоу Чжиганг менен жолукту

И. Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгул Абдраева Эл аралык Дебанг билим берүү компаниясынын негиздөөчүсү Тоу Чжиганг менен жолукту. Жолугушууда Дебанг провинциясынын студенттери КМУга тапшыруу маселелери каралып, жыйынтыгында эки тараптуу Меморандум түзүү боюнча сүйлөшүүлөр болду. 
Жолугушууга КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Талантбек  Курманбек уулу, Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Эл аралык бөлүмүнүн башчысы Рахат Рай кызы, Табигый илимдер жана туризм институтунун директору Мирлан Дылдаев, Эл аралык билим берүү программалар институтунун директору Мээрим Субанбекова жана  Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер кафедрасынын башчысы Назгүл Ажымамбетова катышты.