Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева Конрад Аденауэр фондунун координатору Андре Алгермиссен менен жолугушту

6-июль күнү И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева Конрад Аденауэр фондунун Борбордук Азия боюнча аймактык өкүлү Андре Алгермиссен менен жолугушту. Жолугушууга КМУнун ТСУББИнин директору Чолпон Койчуманова катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Андре Алгермиссен Конрад Аденауэр фондунун ишмердиги, негизги максаттары менен тааныштырып, И.Арабаев атындагы КМУнун студенттерине, магистранттарына, жаш окутуучуларына ар тараптан колдоо көрсөтүү ниетин билдирди. Ошондой эле, фонд тарабынан берилүүчү стипендиялык программалар боюнча кеңири маалымат берди.

КМУнун ректору Айгүл Абдраева Конрад Аденауэр фондунун өкүлдөрүнө кызматташуу тууралуу ниеттерине ыраазычылыгын билдирип, университет фонддун жаштарды колдогон программаларын ишке ашырууга шарт түзүп берээрин айтты. Ошондой эле, биргелешкен илим, билим берүү тармактары боюнча иш чараларды өткөрүүгө даяр экендигин баса белгиледи. Жолугушуунун алкагында келечекте биргелешкен иш чараларды өткөрүү боюнча эки тараптуу макулдашылды.