Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева Түркиянын Кыргызстандагы TIKA уюмунун координатору Мехмет Бодурду кабыл алды

13-февраль күнү И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева Түркиянын Кыргызстандагы TIKA уюмунун координатору Мехмет Бодурду жана анын орун басары Ресул Ахмет Карагөздү кабыл алды. Жолугушууга университеттин окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу, мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору Самат Жумалиев, ошондой эле, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Рахат Рай кызы катышты.

Жолугушуунун алкагында эки тараптуу сүйлөшүү жүрүп, ар түрдүү багыттагы кызматташтыктын жолдору каралды. Тагыраак айтканда, көп багыттуу билим берүү, Түркиядагы окуу жайлар менен кызматташтыкты өркүндөтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу. Андан сырткары, университетте кыргыз-түрк маданий борборун түзүү менен бирге кыргыз-түрк тилдери боюнча котормочу адистерин даярдоо маселеси талкууланды. Мындан сырткары, Теология факультетинин деканы Нурбек Шамралиев университет боюнча экскурсия уюштуруп, медиа борбордун ишмердүүлүгү менен тааныштырды.