Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева университеттин Стартап борборунун милдеттерин ишке ашырууда жигердүү чыгармачылыкка чакырды

Бүгүн, 30-январда, И.Арабаев атындагы КМУнун Стартап борборунда жыйын өттү. Иш-чарага окуу жайдын ректору, профессор Айгүл Абдраева катышты. Университеттин түзүмдөрүндөгү стартаптарды өнүктүрүүгө жооптууларга кайрылуусунда ректор аларды Стартап борборуна жүктөлгөн милдеттерди аткарууда жигердүү чыгармачылык менен алектенүүгө чакырды.
Бул иш-чарага университеттин илим, эл аралык байланыштар жана инновациялар боюнча проректору, профессор Айгүл Чалданбаева, Стартап-борборунун жетекчиси Наргиза Абдылдаева жана университеттин структураларында стартаптарды өнүктүрүү боюнча жооптуулар катышты.