Blog Image

Япониядан келген делегация менен жолугушуу

2022 жылдын  15-декабрда И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева япониялык теле продюссер Шигеяма Нобуо, Фэрбенкс груп компаниясынын башкы директору Мизутори Фуминори жана Ван-Эйч компаниясынын башкы директору Мика Саи менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстанды жана И.Арабаев атындагы КМУну телеканалдар аркылуу Японияга таанытуу максатында келген продюссер Шигеяма Нобуо университетибиздин студенттеринин катышуусунда видео тартуу иштерин баштай тургандыгы айтылды.

Ошондой эле, Япон таануу институтунун студенттерин пракпикадан өтүү үчүн Японияга жөнөтүү, бүтүрүүчүлөрдү жумуш менен камсыздоо жана башка маселелер сүйлөшүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө япон тарап И.Арабаевдин 140 жылдыгына байланыштуу куттуктоолорун билдиришти.