Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраеванын куттуктоосу

Ажарлуу айымдар!

Сиздерди 8-март – Аялдардын эл аралык майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Аялзаты эзелтеден үй-бүлө очогунун сактоочусу, коомдун күзгусү, улуттун намысы болуп келген. Кыргыз элинин байыркы тарыхында айкөл Манасты берген Чыйырдыдан тарта Каныкей менен Айчүрөк, Жаңыл Мырза менен Кыз Сайкал, Курманжан Датка сыяктуу даанышман, каарман жана мээнеткеч аялзатынын образы калыптанган.

Бүгүнкү күндө эмгегин элге арнап, ар кайсы тармакта ийгилик жаратып жаткан өрнөктүү айымдарыбыз арбын. Мамлекеттик кызматтарда, билим, илим жаатында, маданият менен искусстводо, кол өнөрчүлүктө, спортто бийиктиктерди багындырган аял затынын калың катары өсүүдө. Өлкөдө тынчтык өкүм сүрүп, жашоо-турмуштун бир нукка түшүп, өнүгүүгө карай жол алуусунда аялзатынын кошкон чоң салымы эбегейсиз.

Аял жылмайса, аалам жылмаят. Андыктан сиздерге чың ден соолук, ачык асман, үй-бүлөңүздөргө бакубат жашоо каалайм! Кыргыз эли үчүн чыгаан уул-кыздарды эрезеге жеткирип, аруулуктун, улуулуктун символу болуп жүрө бериңиздер!