И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраеванын куттуктоосу
Урматтуу кесиптештер, студенттер!
Сиздерди Билим күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! 1-сентябрь – бул жаңы окуу жылынын башталышы, жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн, жетишкендиктердин жана изденүүлөрдүн күнү. Бул күн ар бир студент үчүн билим дүйнөсүнө жаңы кадам таштаган учур, ал эми окутуучулар үчүн өздөрүнүн тажрыйбасын, билимин жаңы муундарга берүү мүмкүнчүлүгү болуп саналат.
Быйыл Кара-Кыргыз автоном облусунун түптөлгөнүнүн 100 жылдык мааракеси менен катар агартуу тармагынын негизделгенине кылым толду. Жүз жыл аралыгында кыргыз эли туташ сабатсыздыктан, илимий-техникалык жетишкендикке жетүү менен заманбап билим берүү системасын түптөй алды.
Мамлекет башчы Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаевге “Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар” наамын ыйгарды. Бул тизмеде алгачкы агартуучулардын бири Ишеналы Арабаевдин болгондугу чоң сыймык.
Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети – мамлекетибиздеги тарыхы бай, алгачкы кыргыз интеллигенциясынын устаты, илимпоз-агартуучу жана Кыргыз мамлекетинин мамлекет катары түптөлүшүнө зор салымын кошкон Ишеналы Арабаевдин ысымын сыймыктануу менен алып жүргөн жогорку окуу жайынын жетекчилигинин атынан урматтуу кесиптештеримди жана ардактуу студенттерди жаңы окуу жылынын башталышы жана Билим күнү менен чын дилимден куттуктайм!