Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору белгилүү медиа-эксперт А. Жумабаев менен ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы коммуникациялар боюнча консультанты А. Кадыралиеваны кабыл алды

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор Айгүл Абдраева белгилүү медиа-эксперт Авланбек Жумабаев менен ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы коммуникациялар боюнча консультанты Айдай Кадыралиеваны кабыл алды. Жолугушууда А. Жумабаев медиамейкиндиктеги жаңылыктар тууралуу ой бөлүштү. Ошондой эле, университеттин Журналистика бөлүмүнүн студенттерине жана окутуучуларына конок-лекция өтүү тууралуу сүйлөшүлдү. Ал эми А. Кадыралиева ЮНИСЕФ университет менен кызматташууга кызыкдар экенин айтып, алдыда биргеликте долбоорлорду иштеп чыгуу тууралуу сөз болду.