Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Кёнвун университетинин өкүлү менен жолугушту

Бүгүн, 12-сентябрда, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор Айгүл Абдраева Корея Республикасынын Куми шаарынын Кёнвун университетинин Эл аралык мамилелер жана билим берүү институтунун башкы директору Джон Джу Ёнгду кабыл алды. Жолугушууда тараптар билим берүү тармагында эл аралык мамилелерди биргеликте өнүктүрүү, академиялык мобилдүүлүк тууралуу талкуулашты.