Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Кореяда өтүп жаткан “Билим берүүнүн келечеги: өндүрүштө жана өкмөттө билим берүүнүн окшоштуктары жана бири бирин толуктоо” аттуу эл аралык форумунда катышууда

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева Кореянын Гуми шаарынын Кёнвун университетинин ректорунун чакыруусу менен “Билим берүүнүн келечеги: өндүрүштө жана өкмөттө билим берүүнүн окшоштуктары жана бири бирин толуктоо” аттуу эл аралык форумунда катышууда.

20-22-июнь күндөрү өтүп жаткан аталган форумда А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Бекмурза Зулуев, Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору Кеңешбек Усенов, Баткен мамлекеттик университетинин ректору Айдарбек Гыязов, “Ала-Тоо” эл аралык университетинин ректору Санжар Эрдолатовдор катышууда.