Blog Image

И. Арабаев атындагы КМУнун ректору Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын ЖОЖдорунун ректорлорунун I эл аралык форумуна катышууда

3-4-октябрь күндөрү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы  дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата 2 өлкөнүн ЖОЖдорунун ректорлорунун I эл аралык форуму өтөт.
Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор Айгүл Абдраева Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун I эл аралык форумуна катышууда.
Форумга Кыргызстандын жана Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын 40тан ректорлору катышат. Эки күнгө созулган Кыргызстан жана Өзбекстан университеттеринин ректорлорунун I эл аралык форуму “Жогорку билим берүү системасындагы интеграция, өнөктөштүк жана инновациялар: Кыргызстан жана Өзбекстан” темасында өтөт. 
Эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын жетекчилери билим берүү жана илим изилдөө ж.б. багыттар боюнча эки тараптуу келишимдердин түзүлүшүнө мүмкүнчүлүк табышат.