Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору М.К.Аммосов атындагы ТЧФУнун өкүлдөрү менен жолукту

Бүгүн, 19-сентябрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекетик университетинин ректору, профессор Айгүл Абдраева М.К.Аммосов атындагы Түндүк-Чыгыш федералдык университетинин өкүлдөрү менен жолукту. Жолугушууда эки университеттин билим берүү тармагындагы кызматташуу жана академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү маселелери талкууланып жаш окумуштуулар жана окутуучулар үчүн квалификацияны жогорулатуу курстары талкууланды.