Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева Нагаока техникалык университетинин ректорунун кеңешчиси Накаяма Тадачиканы кабыл алды

Бүгүн, 8-апрель күнү, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева Нагаока техникалык университетинин ректорунун кеңешчиси Накаяма Тадачиканы кабыл алды.

Жолугушуда у.ж. 28-май күнү Шибата шаарында Нагаока техникалык университети жана И.Арабаев атындагы КМУнун ортосундагы кызматташтык боюнча келишимге кол коюу тууралуу талкууланды. Ошону менен бирге, Ниигата префектурасында “Мейманкана адиси”, “Социалдык ишмер”, IT багытындагы КМУнун студенттеринин практика өтүүсү тууралуу талкууланды. Жолугушууга КМУнун Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, КМУнун Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун директору Нуржан Сартбекова, КМУнун ректорунун кеңешчиси Ётсухаши Мичинори, Японтаануу институтунун Камкордук кеңешинин мүчөсү Вакакува Шигеру, Японтаануу институтунун директору Айбек Самаров катышты.