Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси менен жолукту

Бүгүн, 9-октябрь күнү, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор Айгүл Абдраева Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ибрахим аль-Радини кабыл алды.

Ошону менен бирге, Теология бөлүмү менен эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө максатында келген өкүлдөр менен КМУнун Теология бөлүмүнүн жамааты жана студенттеринин катышуусунда жолугушуу жана маектешүү болуп өттү.