Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Сауд Аравиянын Кыргызстандагы Элчиси менен жолугушту 

Сауд Аравия Королдугунун Кыргыз Республикасындагы элчилигинде Сауд Аравия Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради  И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева жана Илим, эл аралык байланыш жана инновациялар боюнча проректору Айсулу Бейшенова менен жолугушту.
Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы илим жана билим берүүнүн актуалдуу маселелери, өлкөбүздө араб тилинин өнүгүшү, И.Арабаев атындагы КМУда жаңы адистиктерди ачуу мүмкүнчүлүктөрү жана келечеги талкууланды.
Жолугушуунун соңунда И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева Ибрагим бин Ради Аль-Ради мырзаны университетке келип кетүүгө чакырды.