Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Токиодогу Маалымат жана инновация менеджменти университети менен келишим түздү

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева Японияга болгон расмий иш сапарынын алкагында Маалымат жана инновация менеджменти университетинин жетекчилиги менен жолугушту. Сүйлөшүүлөргө Кыргызстандын Япониядагы элчиси Эркинбек Осоев катышты.
Япония тараптан IU университетинин ректору Накамура Ичия онлайн катышып, проректор Кога Тошикуни кыргыз делегациясын жылуу кабыл алып, университет тууралуу айтып берип, япон университетине экскурсия жасады. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө биргелешкен интеграцияланган билим берүү программаларын иштеп чыгууга, эки университеттин көрсөтмөлөрүнө ылайык окутуучуларды жана студенттерди алмашууга өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар И.Арабаев атындагы КМУ менен IU университетинин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү талкуулап, өз ара макулдашылган максаттарга жана жыйынтыктарга негизделген иш-чаралар тууралуу келишимге кол коюшту.
Белгилей кетсек, бүгүнкү кол коюлган келишим И.Арабаев атындагы КМУнун кызматкерлери жана студенттери үчүн окуу жайлардын билим берүү тармагындагы эки тараптуу мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө жана япон окумуштуулары менен байланышты жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзөт.