Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору “XX кылымдын 20-30-жылдардагы Кыргызстандагы улуттук кайра жаралуу көйгөйлөрү” аттуу илимий-практикалык конференцияга катышууда

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өтүп жаткан “XX кылымдын 20-30-жылдардагы Кыргызстандагы улуттук кайра жаралуу көйгөйлөрү” аттуу илимий-практикалык конференцияга катышууда. Конференция Кыргыз улуттук автономиясынын 100 жылдыгына, мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматовдун 120 жылдыгына жана Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган.