Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Японияда билим алып жаткан биздин университетибиздин студенттери менен жолугушту

Бүгүн Фукая эл аралык чет тилдер академиясында (Фукая шаары, Сайтама префектурасы) И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева менен биздин университетибиздин студенттеринин жолугушуусу болуп өттү. Белгилей кетсек, учурда И.Арабаев атындагы КМУнун Японтаануу институтунун 6 студенти атайын стипендиялык программанын аркасында Эл аралык чет тилдер академиясында бекер билим алууда.
Бул стипендиялык программанын максаты – япон тилин үйрөнүүнү жакшыртуу жана Япониядагы колледждердин жана университеттердин магистратура программаларында окуусун улантууга мүмкүнчүлүк берүү.
Жолугушуунун катышуучулары билим берүү процессиндеги учурдагы артыкчылыктуу багыттарга да токтолушту. Айгүл Абдраева студенттердин суроолоруна жооп берип, билим берүү жана карьера пландоо боюнча баалуу кеңештерди берди. Ректор, И.Арабаев атындагы КМУнун бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандын чет мамлекеттерде татыктуу өкүлү болушу керектигин баса белгиледи.

И.Арабаев атындагы КМУнун Японтаануу институтунун көптөгөн бүтүрүүчүлөрү Японияда олуттуу ийгиликтерге жетишкен, анткени япон кесиптештери менен жемиштүү кызматташуу алардын квалификациясын жогорулатууга, сапаттуу билим алууга жана татыктуу кадрларды даярдоого жакшы мүмкүнчүлүктөрдү берет.