Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Япониядагы «Prince Hotel» мейманканалар тармагынын жетекчилиги менен мейманкана бизнеси багытында адистерди биргелешип даярдоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева Японияга жасаган расмий иш сапарынын алкагында Японияга келген туристтер арасында популярдуу болгон «Prince Hotel» мейманканалар тармагынын жетекчилиги – башкы менеджер Омори Ацуши жана улук менеджер Оосаки Сея 
менен жолугушту.
Бүгүнкү күнгө чейин «Prince Hotel» мейманканалар тармагы Японияда жана чет өлкөлөрдө 59 мейманканадан турат. Белгилей кетсек, И.Арабаев атындагы КМУнун Японтаануу институтунун студенттери «Prince Hotel» мейманканаларында практикадан ийгиликтүү өтүшүүдө.
Жолугушуунун жүрүшүндө мейманкана бизнеси тармагында адистерди биргелешип даярдоонун келечеги, И.Арабаев атындагы КМУнун мейманканалар тармагында практикант-студенттер үчүн стажировка программасын уюштуруу жана мазмуну, алардын санын көбөйтүү жана бүтүрүүчүлөр үчүн жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Иш сапардын соңунда «Prince Hotel» мейманканалар тармагынын жетекчилиги И.Арабаев атындагы КМУнун делегациясына келгендиги үчүн ыраазычылык билдирип, кызматташуу мындан ары да жемиштүү жана ийгиликтүү өнүгө берерине ишеним билдирди.