И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Япониянын Нагаока шаарынан келген делегацияны кабыл алды
10-октябрь күнү Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине Япониянын Нагаока шаарынан ишкерлердин чоң делегациясы келди.
Университеттин ректору, профессор Айгүл Абдраева Нагаока шаарынын мэри Исода Тацунобу менен жолугушту.
Алар 2 тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында өз ара пайдалуу кызматташуу маселелерине токтолушту.
Япониядан келген делегация мүчөлөрү үчүн атайын даярдалган концерттик программа тартууланды.