Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун ректоруна Тынч Океан Азия Коомунун (PAS) президентинин атынан Ыраазычылык кат тапшырылды

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраевага Тынч Океан Азия Коомунун (PAS) президенти Ким Бум Сунун атынан Кыргыз мамлекеттик университети менен Түштүк Кореянын Санмён университетинин ортосундагы тажрыйба алмашуу байланышын чыңдоо жана XLVIII “Кореянын дүйнөдөгү достору” PAS Жаштар Корпусунун Ыктыярчылар программасын ийгиликтүү бүтүрүүгө кошкон салымы үчүн Ыраазычылык кат жиберилди. Ошондой эле, Ыраазычылык каты университеттин Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызына жана Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун доценти Нуриса Эргешбаевага тапшырылды.

Салтанаттуу иш-чарага И.Арабаев атындагы КМУнун Бүтүрүүчүлөр Ассоциациясынын төрайымы Роза Айтматова катышты.

Эскерте кетсек, ү.ж. 4-17-июль күндөрү Тынч Океан Азия Коомунун (PAS) колдоосу менен И.Арабаев атындагы КМУ менен Түштүк Кореянын Санмён университетинин ортосундагы келишимдин негизинде корей тили боюнча “Жайкы мектеп” уюштурулган.