Blog Image

И. Арабаев атындагы КМУнун ректорунун кеңешчиси Ётсухаши Мичинори КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин “Кызматташтык салымы үчүн” медалы менен сыйланды

 

31-октябрь күнү И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор Айгүл Абдраева Ётсухаши Мичинориге Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Кызматташтык салымы үчүн” медалын тапшырып, сыйлык ээсине бекем ден соолук жана кажыбас кайрат каалап кетти.

Университеттин ректорунун кеңешчиси Ётсухаши Мичинори 7 жылдан бери КМУнун Японтаануу институтунда үзүрлүү эмгектенип, аталган институттун негиздөөчүлөрүнүн бири, анын калыптануусуна жана өркүндөшүнө зор салымын кошкон. Ётсухаши Мичиноринин негизги жетишкендиктери жана сиңирген эмгеги – бул кыргыз жаштарын Япония мамлекетинде жумушка орношууга, билим алууга жана практика өтүүгө жол салган. Ё. Мичинори ошондой эле Кыргызстанда япон тилинин деңгээлин текшерүү сынактарынын өкүлчүлүгү кылып Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин таанытып, биздин университет япон тили боюнча экзамен алуу боюнча расмий мекеме болуп эсептелет.

Белгилей кетсек, И. Арабаев атындагы КМУнун ректорунун кеңешчиси Ётсухаши Мичинори КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан билим берүү чөйрөсүнө дайыма ар тараптуу колдоо көрсөткөн, өзгөчө салым кошкон, коомдук жана кайрымдуулук иштеринде олуттуу жетишкендиктери үчүн жигердүү ишмердиги үчүн сыйланганы белгиленген.

И. Арабаев атындагы КМУнун жалпы профессордук-окутуучулар курамы Ётсухаши Мичинори мырзаны ардактуу сыйлыгы менен кызуу куттуктайт.