Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун сүрөтчүлөр командасы Астана шаарында II орунга ээ болду

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин “Костюмдун технологиясы жана искусствосу, текстиль” кафедрасынын окутуучусу, КРнын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Калыс Кубанычбеков, 2-курстун ИКТ-11-21 группасынын студенттери Дамир кызы Аиша,Таирбекова Айданек у.ж. 6-10-июнь кундөрү Астана шаарында Астана эл аралык университетинин 5 жылдыгына арналган "ASTANA. ART.EN PLEIN AIR." сүрөтчүлөрдүн сынагында командалык II орун алды. Эл аралык пленэрде Кытай, Кыргызстан, Казакстан, Россия, Өзбекстандан 18 команда катышкан.
Астана эл аралык университетинин президенти Ирсалиев Серик Азтаевич И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл  Абдраевага ыраазычылык катты жолдоп, 2 тараптуу кызматташтык тууралуу ойлорун билдирген.