Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун сайтында “Санариптик сабаттуулук” жана кыргыз тилиндеги Python боюнча окуу материалдары жеткиликтүү

КР Билим берүү жана илим министрлиги менен “Интернет коомунун Кыргыз бөлүмү” коомдук бирикменин ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандумдун алкагында иштелип чыккан «Санарип инсан» долбоорунун алкагында Microsoft компаниясынан «Санариптик сабаттуулук» жана Python программалоо тили боюнча билим берүү материалдары И.Арабаев атындагы КМУнун сайтына жүктөлдү.  Бул материалдар азыр студенттер менен окутуучуларга жеткиликтүү болуп, жаштардын санариптик сабаттуулугун жогорулатуудагы маанилүү кадам. Бул кызматташтык санариптик сабаттуулукту гана жакшыртпастан, студенттерди азыркы эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү кылат. Аталган иш-чара санариптик билим берүүнүн маанилүүлүгүн жана санариптик көндүмдөр барган сайын маанилүү ролду ойной турган келечекке даярданууну баса белгилейт.

https://arabaevksu.edu.kg/category/sanariptik-sabattuuluk-kursu