Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун Стратегиялык тобу үчүн Чолпон-Ата шаарында семинар-тренинг өтүп жатат

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде уюштуруу иштерин өнүктүрүү максатында түзүлгөн Стратегиялык топ үчүн уюштурулган «Билим берүүдөгү менеджмент: уюштуруу маданияты» аталышындагы семинар-тренинг Чолпон-Ата шаарында старт алды.

Семинар-тренинг Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу жана заманбап билим берүү системасын башкарууда, инновациялык ишмердүүлүктү ишке ашырууда стратегиялык ой жүгүртүүнү жакшыртуу, стратегиялык топтун кесиптик чеберчилигин көтөрүү максатын көздөйт.

Бул иш-чарага университеттин мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы катышууда. Тренердик кызматты педагогика илимдеринин кандидаты, проф.м.а.Миргүл Эсенгулова алып барууда.