Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун студенти Ыктыярчылардын эл аралык форумуна катышууда

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин 1-курсунун студенти Данияр Бекишов 2023-жылдын 20-21-июнь күндөрү Казахстан Республикасынын Астана шаарында өтүп жаткан Ыктыярчылардын эл аралык форумуна катышууда. Иш-чара Казакстандын президентинин БУУда ыктыярчыларды мобилизациялоонун эл аралык жылын өткөрүү демилгесин колго алуу максатында, Казакстан Республикасынын Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлиги тарабынан уюштурулган. Ага Кыргызстандагы волонтерлордун атынан барган Данияр Бекишов тематикалык дискуссиялык аянтчада казакстандык жана эл аралык кейстерге, презентацияларга, ыктыярчылык өнөктүктөргө, тренингдерге активдүү катышты. Форумга эл аралык уюмдар (Түрксой), эксперттер, ыктыярчылар уюмдары, мамлекеттик органдын кызматкерлери, ММК өкүлдөрү ж.б. чакырылган.