Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун студенттери 1-орунду багындырышты

9-февраль күнү КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргызстан жаштар конгресси, «Агартуу  лигасы» тарабынан уюштурулуп, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде өткөн ЖОЖдор аралык “Акыл таймаш” жаштар кубогу интеллектуалдык оюнунда И.Арабаев атындагы КМУнун студенттери 1-орунду багындырышты. 
Оюнга И.Арабаев атындагы КМУнун “Эрудит” командасынын мүчөлөрү Бекболотов Сталбек,  Майрамбекова Сезим (Э.Ж.Маанаев атындагы ТСУББИ), Асанбаева Алина (МТМИ), Вахабов Руслан (ФМФ) эң көп упай топтоп, атайын кубок жана дипломдор менен сыйланышты. 
Иш-чаранын уюштуруучусу - “Агартуу лигасынын” жетекчиси, ТСУББИнин студенти Данияр Бекишов. Конкурска жалпы 13 ЖОЖдон командалар катышкан. 
Сыйлыгыңар кут болсун “Эрудит” командасынын мүчөлөрү!