Blog Image

И. Арабаев атындагы КМУнун студенттери "Биздин үй-бүлөлүк эскерүү китептери» Бүткүл россиялык жаштар акциясына катышты

И. Арабаев атындагы КМУнун студенттери "Биздин үй-бүлөлүк эскерүү китептери» Бүткүл россиялык жаштар акциясына катышты. КМУнун Орус филология факультети К.Д.Ушинский атындагы Ярославль мамлекеттик педагогикалык университетинин демилгесин колдоп, быйыл биринчи ирет колдоого алынып, уюшкандыкта өткөрүлгөн саамалык.
1941-1945-жылдарындагы Улуу Ата Мекендик согушта баатырларча курман болгон чоң аталарын эскерип, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде учурда билим алып жаткан 70тен ашык студенттер бул акцияга катышууга кызыкдарлыгын билдирип, өз каармандарынын фронттон жиберген каттарын, фотосүрөттөрүн, эскерүүлөрүн камтыган плакаттарды, презентацияларды даярдаган.
Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон аталарыбыздын өлбөс-өчпөс эрдиктери дайыма жүрөгүбүздө сакталат!