Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун студенттери Ботаникалык бакчада көчөт отургузушту

Бүгүн Бишкектеги Ботаникалык бакчада 300 көчөт отургузулду. Иш чара Кыргыз Республикасынын  Президентинин  «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүн колдоого багытталган «Жашыл мурас» акциясынын алкагында уюштурулган. Ага И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ар бир курамынан бирден окутуучулар жана студенттери активдүү катышты. Көчөт отургузууга Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев баштаган бир катар депутаттар, жогорку окуу жайлардын студенттери тартылган. Алар алгач бак тигиле турган жерди тазалап, жөөк тартууга даярдашты. Студенттер көчөттөрдү отургузуп, өздөрүнүн аты-жөнүн жазып калтырышты. 
Эске салсак, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 2023-жылы 8,5 миллион даана көчөт отургузуу пландалганын белгилеген. Учурда өлкөдө «Жашыл Мурас» улуттук программасы, ошондой эле «Жашыл Кыргызстан» программасы аркылуу ишке ашырылууда.