Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун студенттери эл аралык олимпиадада биринчиликти багындырды

И. Арабаев атындагы КМУнун Гуманитардык билимдер факультетинин студенттери Эл аралык эне тил күнүнө карата Сибирь федералдык университети өткөргөн, XIV Эл аралык орус тили боюнча «ЯРус» студенттик олимпиадасына катышты. 2023-жылдын 24-27-февраль күндөрү аралыктан өткөн бул сынакка ар улуттан 464 студент катталган. Анда окуу жайыбыздын 4-курсунун студенттери баяндамаларын ийгиликтүү жасашты.
«ЯРус» студенттик олимпиадасынын жыйынтыгы менен «чет элдик студенттер» номинациясында Разия Абдурахманова 1-орунду ээлесе, Аяна Рамисова жана Кылым Капарова «Чыгармачылык менен дилбаян жазуу» номинациясында дипломдорго ээ болушту. Сыйлык ээлеринин куратору Алыбаева Токтожан Кочкоровна. Ал эми калган студенттерибиз бул олимпиадага катышкандыгы үчүн сертификаттарды алышты. Аларды Орус тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары Юбурова Сания Марсуевна, Тагаева Гүлмира Сарыгуловна, Токомбаева Жамила Юсуповна даярдашкан.