Blog Image

И. Арабаев атындагы КМУнун студенттери “Көңүлдүү жигиттер” ТШКнын жаңы сезонуна катышты

23-апрель күнү И.Арабаев атындагы КМУнун студенттери «Көңүлдүү жигиттер» тапкычтар жана шайырлар клубунун жаңы сезонуна  катышты. КМУнун студенттеринен түзүлгөн «Аппапакай жигиттер» жана «Баягылар» командалары жогорку деңгээлде даярдалган тамашалары менен көрүүчүлөргө жакшы маанай тартуулады. Командалардын таймашына актёр Самат Эркинбеков, тамада Манас Алыкулов, ырчылар Данияр Эрматов, Гүлназ Чыныбек кызы, Сайкал Садыбакасова жана журналисттер Улукбек Карыбеков, Каниет Жыргалбековдор калыстык кылышты.