Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун студенттери “Келечек” республикалык жаш лидерлер мектебинин окуусуна катышты

И.Арабаев атындагы КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун студенттери Диас Азатов жана Жылдыз Бахтияр кызы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулган “Келечек” республикалык жаш лидерлер мектебинин “Финансылык сабаттуулук”, “Экономика жана жаштар ишмердүүлүгүнүн негиздери”, “Кыргыз жараны – жарандык иденттүүлүктүн аң-сезим түшүнүгүн калыптандыруу”, “БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары. Экология жана жаштар. Жашыл сабаттуулук” аталышындагы окууларга катышып келишти. Бул окуу у.ж. 27-ноябрынан 1-декабрына чейин өтүп, республика боюнча 100 студент окуду. Биздин студенттер жогорудагы темаларда экзамендерди ийгиликтүү тапшырып, атайын сертификаттарга ээ болушту.