Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун студенттери кесиптик-базалык практикасын Кыргызстандын региондорунан өтүштү

Окуу жайдын Э.Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин күндүзгү окуу бөлүмүнүн 3-курсунун студенттери үстүбуздөгү жылдын 6-февралынан 11- мартыначейин кесиптик-базалык практикаларын өтүштү. Алар Бишкек шаарынын базалык мектептеринде гана эмес, аймактардагы мектептерден келген өтүнүч каттардын негизинде өлкөнүн Аксы, Кочкор, Ак-Суу, Тоң райондоруна барышты. Практикага жалпы 35 студент чыгып, жер-жерлердеги мугалимдер менен 2 айдан ашык убакыт чогуу иштеп, алардын иш тажрыйбаларына  күбө болуп келишти. Мындай тажрыйба  студенттерди келечекте кесипкөй адис болууга шыктандырат. 16-мартта практиканын жыйынтыктоочу жыйыны болду. Ага университеттин практика боюнча жетекчиси Нурпаис Баястанов, факультеттин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышышты. Анын жүрүшүндө практика учурундагы жетишкендиктер, кемчиликтер айтылып, алдыдагы пландарга  токтолушту.