Blog Image

И. Арабаев атындагы КМУнун студенттери “КМШнын мыкты студенти” эл аралык сынагына катышууда

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери  Жаздай Керезбек кызы, Айзирек Анарбекова, Бактыгүл Мухтарбек кызы “КМШнын мыкты студенти” эл аралык сынагынын II туруна өттү. КМУнун студенттери КМШ өлкөлөрүндөгү жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн I даражадагы дипломдор менен сыйланышты. Сынактын калыстары КМУнун студенттеринин эмгектерин талапка толук жооп бере тургандыгын баса белгилеген.  Иш-чара Казакстан Республикасынын «Билим-оркениети» улуттук инновациялык изилдөө борбору жана Мыкты студенттер академиясы тарабынан уюштурулган.

Белгилей кетсек, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи Казакстандын Астана шаарында өтөт. Сынак КМШ өлкөлөрүнүн илимий изилдөө жана окуу жайларынын арасында ар жылы өткөрүлүп келет.