Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун студенттери Корея Республикасында билим алышат

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун 3-курсунун студенттери Көчөрбаев Рустам, Кыдырбекова Элина, Тураева Айткүл ("Эл аралык мамилелер" адистиги боюнча) жана Мейманкулова Адина ("Котормо жана котормо таануу" адистиги боюнча) Корея Республикасынын Куми шаарындагы Кёнвун университетине билим алууга жөнөп кетишти.
Алар аталган окуу жайда университеттердин ортосунда түзүлгөн студенттердин бир жылдык тажрыйба алмашуу программасынын негизинде 2023-2024-окуу жылы аралыгында болот.