Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун студенттери кызыктуу оюн ойноп, бир катар стартап долбоорлорду иштеп чыгышты

Бүгүн И.Арабаев атындагы КМУнун Экономика жана менеджмент институнун 2-3-курсунун активдүү студенттери волонтёр болуп, Япон таануу институтунун  1-курсунун студенттерин 4 тайпага бөлүп, инновациалык интерактивдүү стартап оюн ойнотушту. Оюндун шарты боюнча командалар жаңы стартап долбоорлорун иштеп чыгып, бизнес проект түзүшү керек. Аларга волонтерлор жардам берди. Ар бир топ өз алдынча жаңы ойлоп табышкан долбоорунун кем каржыларын анализдеп, элге жайылтуунун жол жобосун аныкташты. Оюндун жүрүшүндө студенттер кызыгуу менен өздөрүн көрүнүктүү бизмесмен катары элестетип, ич ара чоң талкуу жаратышты. Жыйынтыгында  ар бир команда өз продукцияларын презентациялады. Студенттерди шыктандырган мындай стартап оюндар университеттин ар кайсы институттарында акыркы 3 жылдан бери ойнотулуп келет.