Blog Image

И. Арабаев атындагы КМУнун студенттери Жогорку Кеңешке экскурсияга барышты

И. Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун студенттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине экскурсияга барып келишти. Анда Жогорку Кенештин ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири маалымат берилди. Соңунда студенттерди эл өкүлдөрү С. Атамбаев жана Э. Сурабалдиева кабыл алып, студенттер менен пикир алышты. Студенттерди экскурсияга кураторлору К. Жантемирова жана Ш. Багышова жетектеп барган.