Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун студенттерине академик А.Асанканов Кыргыз Республикасынын президентинин Жарлыгы менен бекитилген «Кыргыз жараны» концепциясы боюнча конок лекция өттү

Бүгүн И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин студенттерине академик, Кыргыз Республикасынын УИАнын Б.Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун директору, белгилүү тарыхчы Абылабек Асанканов Кыргыз Республикасынын президентинин Жарлыгы менен бекитилген «Кыргыз жараны» концепциясы боюнча конок лекция өттү. Лекциянын жүрүшүндө академик А.Асанканов болочок тарыхчыларга кыргызстандыктардын жарандык иденттүүлүгүн калыптандыруу максатында кабыл алынган “Кыргыз жараны” концепциясынын өзгөчөлүгүн түшүндүрүп, концепциянын авторлорунун бири катары анын тарыхына, ишке ашыруу процессине токтолду. Ал өз сөзүндө “Кыргыз жараны” концепциясы өлкөдөгү жалпы элди ынтымакка, биримдикке чакырган, этностор аралык мамилелерди чыңдоого арналгандыгына токтолду. 
Конок лекциянын аягында ректор Айгүл Абдраева 2020-жылдын 13-ноябрында КР президентинин Жарлыгы менен 2021-2026-жылдарга Кыргызстанда “Кыргыз жараны” деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы бекитилгендигин жана анын мазмунун, маанисин болочок мугалим-педагогдорго кеңири түшүндүрүп, жеткиликтүү маалымат берүү зарылдыгына токтолду. Өзгөчө, жарлыкта “Кыргыз жараны” деп жарандардын өзүн таануусу билим берүүнүн, маданияттын, үй-бүлөдө жана коомдо инсанды тарбиялоонун жана өстүрүүнүн бир бөлүгү болушу керек” деп белгиленгендигин айтып өттү. Ошондой эле ректор А.Абдраева академик А.Асанкановго конок лекцияга келип студенттерге концепция боюнча кенен жана жеткиликтүү маалымат бергендиги үчүн ыраазычылык катын тапшырып, ага чың ден-соолук, ишине ийгилик каалады.