Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун студенттик академиялык хору II республикалык кароо-сынагында 2-орунду алды

24-майда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекетттик университетинин ардактуу профессору Абдурашит Өмүрзаковдун жетекчилиги астындагы студенттик академиялык хору II республикалык хор коллективдери арасында өтүүчү кароо-сынакта 2-орунду ээледи.
2 күнгө созулган кароо-сынакта И. Арабаев атындагы КМУнун студенттик академиялык хору тарабынан “Фестиваль ыры” (муз. Ж. Шералиевдики, сөзу Ж. Садыковдуку, иштеп чыккан А. Укурчинов),  “Ала - Тоо” (муз. С. Юсуповдуку, сөзу Т. Кожомбердиевдики), “Ата Мекен” (муз. М. Бегалиевдики, сөзу Ш. Дүйшеевдики), “Кыргыз руху” (муз. К. Артыковдуку, сөзү С. Рысбаевдики), “Дударай” (муз., сөзү М. Рыкинаныкы) ж.б. аткарылды.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин тапшырмасына ылайык Улуттук маданий борбору тарабынан уюштурулган фестиваль Кыргыз ССРнин эл артисти, кыргыз хор искусствосунун негиздөөчүсү Султан Юсуповдун 105 жылдыгына арналган. 
Сынакта 600гө чукул катышуучудан турган 12 хор коллективи ат салышкан.