Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун төрт студенти КР Президентинин стипендиясына ээ болушту

2022-12-21

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева 16-декабрда Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясына ээ болгон университетибиздин төрт студентин куттуктап, алардын билим жолуна ийгиликтерди каалады.

Аталган стипендиянын ээлери: Абубакирова Назира - Педагогика факультети,

Мадеминова Нуриза - Чет тилдер жана компьютердик лингвистика институту,

Шайлообаева Айзада - Физика-математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар факультети жана

Айтакунова Сания - Физика-математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар факультети.

Белгилей кетсек, 60 000 сом өлчөмүндөгү президенттик стипендия өлкөдөгү жогорку жайларынын 70 мыкты студентине тапшырылды.