Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунда илимий семинар болуп өттү

24-ноябрда И.Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун профессор М.М. Ботбаева атындагы биологиялык ар түрдүүлүк кафедрасында илимий семинар өттү. КР УИАнын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун тоо экосистемасынын лабораториясынын улук илимий кызматкери, биология илимдеринин кандидаты Назгүл Кенжебаева лекция окуду.
Н.Кенжебаева «Түштүк-Батыш Тянь-Шандын тоо экосистемалары климаттын өзгөрүшүнүн жана антропогендик таасирдин шарттарында (Базар-Коргон районунун мисалында)» деген темада семинар өткөрдү. Лектор белгилегендей, Түштүк-Батыш Тянь-Шань дүйнөдөгү негизги экологиялык аймактардын бири, табигый экосистемалары жана ландшафттары салыштырмалуу кол тийбеген бүтүндөй жаратылыш зонасы.
Ал абанын температурасынын жогорулашы жана жаан-чачындын көлөмүнүн азайышы менен бирге малдын узак мөөнөттүү жаюу менен изилденүүчү аймактын өсүмдүктөрү белгилүү бир трансформацияга дуушар болгон, бул өсүмдүктөрдүн түрдүк курамынын жана структурасынын начарлашына, фитоценоздор, доминанттардын курамынын өзгөрүшү, шалбаалардын жана шалбаа-талаа экосистемаларынын азыктануу баалуулугунун төмөндөшү, өсүмдүк катмарынын синантропизациясынын байкалаарлык процесстерине алып келген деген жыйынтыкка келген.
Илимий семинар профессордук-окутуучулар курамынын жана 1-3-курстун студенттеринин катышуусунда өттү. Студенттер жана окутуучулар тарабынан суроолор берилди. Анда, биология илимдеринин доктору М.К.Ахматов, б.и.к. У.Ж. Кармышова жана кафедра башчысы, б.и.к. С.К.Кендирбаевалар чыгып сүйлөп, сунушталган изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын актуалдуулугун жана илимий жаңылыгын белгилешти.