Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун Теология бөлүмүндө «Орто Азия жана Дагестан Республикасы ортосунда ар тараптуу кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү» аттуу жыйыны өттү

26-сентябрь күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Теология бөлүмүндө «Орто Азия жана Дагестан Республикасы ортосунда ар тараптуу кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү» аттуу жыйыны таанышуу жана маектешүү форматында өттү. 
Иш-чарага И.Арабаев атындагы КМУнун окуу иштери боюнча проректору Курманбек уулу Талантбек, «Кыргызстандагы Дагестан элдеринин «Садака» ассоциациясы» КБнин президентинин орун басары Абдурахманхаджи Муртазалиев, Борбордук Азиядагы Дагестан Республикасынын  Муфтиятынын ыйгарым укуктуу өкүлү, Каспийск шаарынын имамдар кеңешинин төрагасы Мурад Исмаилов, Махачкала шаарынын Джума-мечитинин муэдзини Мухаммадхабиб Гусейнов,  Дагестан Республики Кумторкали районунун Агартуу бөлүмүнүн жетекчиси Али Магомедов, И.Арабаев атындагы КМУнун Теология бөлүмүнүн окутуучусу Магомедхабиб Будунов, Теология бөлүмүнүн башчысы Нурбек Шамралиев, Теология бөлүмүнүн профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.