Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун волейбол боюнча курама командасы жеңишке жетти

12-март күнү 5 университеттин жатаканаларында жашаган студент кыздар арасында “Дени сак жаштар - жаркын келечек” аттуу волейболдук мелдеш өттү. Бул мелдеште  И.Арабаев атындагы КМУ, Ж.Баласагын атындагы КУУ, “Даткайым кыздар жатаканасы” Коомдук фонду , Кыргызстан Ислам университети жана Эл аралык Кувейт университетинин студент кыздары ат салышкан. Анда, финалдык беттеште И.Арабаев атындагы КМУнун жана Эл аралык Кувейт университетинин студент кыздар курама командалары чыгып, биздин Университеттин командасы баш байгени жеңип алды. Кыздар арасында достукту чыңдоого багытталган таймашта биздин университеттин студенттери эң жогорку дэңгээлде оюн көрсөтүп, 2 кызыбыз мыкты оюнчу аталды. Калган катышуучулар  кызыктыруучу белектер менен сыйланды.