Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун Японтаануу институту JICA менен тыгыз кызматташууда 

И.Арабаев атындагы КМУнун Японтаануу институту Япониянын JICA эл аралык кызматташтык агенттиги менен тыгыз кызматташып, университетке ыктыярчыларды тартууга көмөктөшөт. Учурда И.Арабаев атындагы КМУда Японтаануу институтунда 2 ыктыярчы жана Жаңы маалыматтык технологиялар институтунда – 1 ыктыярчыбар. Бүгүн Японтаануу институтуна дагы бир ыктыярчы Мицубоши Тенко келди. Ал япон тилинен сабак өтөт. Мицубоши Тенко өзү тууралуу тааныштыруу презентациясын даярдап, бүгүндөн баштап волонтердук ишмердүүлүгүн баштады.
JICA кызматкерлери Кыргызстанда И.Арабаев атындагы КМУ ыктыярчылар менен активдүү иш алып барат экендигин белгилешет.