Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун жалпы жамааты сүмөлөк кайнатууда

Бүгүн 21-март Улустун улуу күнү - Нооруз. Бул күнү мекендештерибиз «сүмөлөк», «чоң көжө» сыяктуу тамак-аштарды жасап, ак дилден бири-бирине бардык жакшылыктарды тилейт. И.Арабаев атындагы КМУда бул майрамдын негизги тамагы болгон сүмөлөк бышырылууда. Сүмөлөк кайнатуу аземине келген окуу жайдын жалпы жамааты алгач казанга буудайдын көлөмүнөн эки эсе көп болгон май куюп,  боорсок менен токоч бышырып алышты.  Андан соң,  Нооруз майрамы сүмөлөк кайнатуу менен башталды.